• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Маалымат агенттиктер убакыттан ашуусу керек - Калмыков

Коом 0

Бостери, 06.09.18. /Кабар/. ТАСС башкы директорунун биринчи орун басары Михаил Калмыков бүгүн Ысык-Көлдө өткөн КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги XXV мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилер кеңешинин жыйынынын маанилүүлүгүн баса белгилеп өттү.

Мындай өңүттөгү кесиптештердин жолугушуусу ар жарым жылда айрым учурларда бат-баттан болуп турат.

“Биз учурда биздин өлкөлөрдүн өнүгүүсүндөгү убакыттын бат өткөн баскычында турабыз. Ошондуктан да убакытты эч качан текке кетирбеш керек. Биз маалымат агенттиктери катары убакыттан ашышыбыз керек”, - деп билдирди ал.

Анын айтымында, байланыштын заманбап технологияларына кайрылуу менен мындай жолугушууларды колдон келишинче бат өткөрүп туруу абзел.

“Биз ушинтип чогулганда сүйлөшүүнүн таптакыр жаңы сапаты пайда болот. Биз канчалык көп жолугуп турсак, ошончолук жалпы баалуулуктар жана максаттарды алга жылдырууга оңой болот”, - деп билдирди Калмыков.

КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги XXV мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилер кеңешинин отуруму бүгүн Ысык-Көлдө өттү. Жолугушууну “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги уюштурду.

Отурумдун жүрүшүндө КМШдагы Маданият жылынын алкагында аталган ЖМКлардын ички туризмдеги ролу, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууда “Кабар” агенттигинин жумушу, КМШнын аткаруу комитетинин шериктештиктин өлкөлөрүнүн ортосундагы маалымат алмашуу тармагындагы ишмердүүлүгү, 2018-2019-жылдарда болгон аймактагы маанилүү окуялар тууралуу темалар талкууланды.

Отурумга “Кабар” КУМАнын директору Кубанычбек Таабалдиев жана Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова, ТАСС агенттигинин башкы директорунун биринчи орун басары Михаил Калмыков, ТАССтын КМШ жана Балтия секторунун жетекчиси Борис Грушин, “АЗЕРТАДЖ” Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттигинин башкы директорунун орун басары Назим Хидиров, “Арменпресс” маалымат агенттигинин аткаруучу директору Арам Ананаян, Белоруссиянын “БелТа” телеграф агенттигинин башкы директору Ирина Акулович, “Казинформ” эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Аскар Умаров катышты.

Пикир

Оставить комментарий