• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Маданият министрлиги Фридрих Эберт фонду менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 17.06.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Фридрих Эберт атындагы фонддун аймактык директору Филип Ян менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Маданият министрлиги менен Фридрих Эберт фондунун ортосунда кызматташуу боюнча эки тараптуу меморандумга кол коюлуп, “Дилгир” модулдук окутуусун баштоо боюнча чечими кабыл алынды.

"Сиздер менен болгон биздин жолугушуубуз абдан маанилүү, Фридрих Эберт фонду жаштар саясатын өнүктүрүүдө өбөлгө боло тургандай жаңы идеяларды, долбоорлорду жана программаларды сунуштайт деп ишенем, биз сиздер менен кызматташууга даярбыз",- деп билдирди министрдин орун басары Марат Тагаев.

Ал эми Филип Ян Кыргызстанда билимдүү жаштар көп экенин, министрлик менен жаштар саясаты жаатында биргелешкен долбоорлордун үстүндө буга чейин дагы, мындан ары да иштешүүгө кызыктар экенин баса белгиледи.

Эске салсак, "Дилгир" модулдук окутуунун жүрүшүндө жаштар жеке жана кесиптик өнүгүүсү үчүн зарыл болгон билимдерге жана көндүмдөргө ээ боло алышат.

Маалымат үчүн: “Дилгир” модулдук окутуусу жаш лидерлерди окутуу үчүн, билимдин жана көндүмдөрдүн бирдиктүү жыйындысы болуп саналат жана анын максаты жаш лидерлерди өстүрүүгө жана Кыргызстанда жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга багытталат.

Пикир

Оставить комментарий