• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москва районунда эркек киши сатуучуга бычак менен кол салган

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Москва районунда эркек киши сатуучуга бычак менен кол салган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 13-апрелинде Москва РИИБине Петровка айылында бейтааныш киши тарабынан бычак менен коркутуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо Москва РИИБнин ыкчам-тергөө тобу барган. Териштирүү учурунда белгисиз адам Петровка айылындагы жайгашкан дүкөндөрдүн бирине кирип, ал жактагы сатуучуну бычак менен коркутуп, натыйжасында сатуучу бычактан алган жаркаттары менен ооруканага жеткирилгендиги белгилүү болгон.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облустук ИИББнын жана Москва РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1970-жылы туулган Б.С. аттуу жаран кармалган жана анын жанынан бычак табылган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий