• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Мурдагылардын катасын кайталабайбыз". Президент Барселона стадионунун курулушу жана “СК Девелопмент" боюнча иликтөөлөр жөнүндө

Президент 0

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде Барселона футболдук клубунун академиясынын курулушу жана Аврора плюстагы мүлктүн мамлекеттик менчиктен чыгарылып кетиши жөнүндө жарыяланган иликтөөлөргө байланыштуу суроолорго жооп берди.

Клооп порталы Барселона стадионун курууга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын, Россиянын Росатом компаниясына тиешеси бар ири бизнесмендин аралашканын иликтеп чыкты. Макалада сиздин туугандар да аралашкан деген шек саноо да бар. Негизи эле ушул дүйнөлүк футбол клубунун Кыргызстанга келүүсүнүн башкы максаты эмне? Чоо-жайын айтып берсеңиз.

Жообумду эмнеден баштайм билесизби?

Ошол Клооп баш болгон башка сайттарга, өздөрүн эркин журналистмин деп алышкан Эшмат-Ташматтарга кайрылуу менен баштаймын. Силердин илгертен бери кыргызга кылган зыяныңардан башка пайдаңар жок. Мындан ары деле болбойт. Кыргызстаныбызга пайдаңар тийбесе дагы зыяныңарды тийгизбей тургулачы сураныч. Жалаң негатив жазып, жамандык издеп өлкөгө келип жаткан миллиарддаган инвестицияларды, инвесторлорду үркүтүп жатасыңар. Ташиев-Жапаровдор өлкөдөн тышка ташыбай, тыштан өлкөгө ташып келип жаткандарына сүйүнбөйсүңөрбү. Өлкөнү тоноп, тышка ташыгандардын, башка өлкөлөргө жүздөгөн миллион долларларга завод-фабрика кургандарды, чет өлкөдөн вилла, квартира сатып алгандарды деле мактап жазып жүрчү эмес белеңер. Албетте алар силерге мамлекеттин, элдин эсебинен акча төлөп турушчу. Ошол үчүн мактачусуңар. Биз элдин акчасын силерге төлөй албайбыз. Элдин акчасы элге болуш керек!

Эми негизги жоопко өтсөм.
Ооба, Ташиев-Жапаровдор жана башка чет өлкөлүк инвесторлор бар. Мамлекетке бир тыйын зыяны жок, мамлекеттин бир тыйын акчасы менен салып жаткан жок. Мамлекеттин катыштыгы жок. Болгону 16 гектар жер берип жатабыз. Ал 16 гектар жерди Барселона академиясы 16 миң эсе актайт. Бул социалдык долбоор. 10-15 жылдан кийин биздин балдар дүйнөлүк чемпионаттарда ойной баштайт. Африкалыктардан эмнебиз кем? Биз кыргыздар да балдарыбызды ушул академияда даярдап, дүйнөлүк масштабдагы клубдарга жиберип турсак эмнеси жаман. Качан мамлекет үчүн күйгөндү үйрөнөсүңөр? Чымындан пил жасап, жамандык эле жаза берсеңер кайсы инвестор келет? Кантип жакшылык келет? Жамандык издей берип өзүңөрдүн ичиңер деле жамандыкка толуп калат эмеспи?

Ал эми Жапаров-Ташиевдердин катышы боюнча.
Жалал-Абад шаарына Ташиевдер тээ мурдатан эле таштанды болуп жаткан жерди тазалап, футбол академиясын куруп башташкан экен. Ал академия азыр жаркырап бүтүп калды. 29-августта Барселона клубунун башчысы Лапорта менен биргеликте барып, аны ачабыз. Ал академияны толугу менен Бишкектеги академияга өткөрүп берели, Бишкектеги академияны силер кургула деп сүйлөшүшүптүр. Ташиев-Жапаровдор ошол үлүш менен катышып жатышат. Ошондо Кыргызстанда эки академия пайда болот. Бирөө түштүктө, бирөө түндүктө. Жалал-Абад Бишкектеги академиянын филиалы болуп калат. Жашыра турган эч нерсе жок.

Эгер Клооп баштаган башка сайттар жана башкалар биз да салабыз десе жер бергенге даярбыз. Колдорунан келсе бири Манчестерди алып келсин, дагы бири Реал Мадридди алып келип академиясын салсын. Ашыкча болбойт. Бизде салынган имараттарды көтөрүп кетишпейт. Эгер эле 20 кабаттуу бир имаратын көтөрүп кетип бара жатышса ызы чуу салгыла. Мен токтотуп калайын. Дагы бир жолу кайталайм. Мамлекетке пайдадан башка зыяны жок. Мен Ташиев-Жапаровдорду дайыма чогултуп эскертип турам. «Балдар, мамлекетке бир тыйын зыян келтирбегиле. Саясатка, экономикага, кадр маселелерине кийлигишпегиле. Мамлекеттен сыртка ташыбай, сырттан мамлекетке ташып келип тургула. Биз мурдакылардын катасын кайталабайлы. Инвесторлорду тартып келгиле. Ошолор менен иштегиле», - деп.

— «Политклиника» медиасы «Бакиевдердин мурдагы бизнес-өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар» аттуу иликтөөсүн жарыялады. Анда УКМК Аврора плюстагы кымбат баалуу мүлктүн мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып алынышы боюнча кылмыш иши козгогону айтылат. Буга байланыштуу бир топ адамдар, анын ичинде “СК Девелопмент” компаниясынын жетекчиси Алексей Конев бар экени белгиленген. Ушул компанияга, анын жетекчиси А. Коневге жана анын айланасындагы күмөндүү жагдайларга Президенттин баласы Рустам Жапаров, жакын адамы Арзыбек Бурхановдун кандай байланышы бар экени тууралуу сөз болду. Бул иликтөө менен таанышкан болсоңуз кандай комментарий берет элеңиз?

Бул сурооңорго дагы так жооп берем.

Политклиника иликтегенге чейин жарым жыл мурда мен өзүм эле иликтеп койгом.

Конев дегенди мурда тааныбайт элем. Камалгандан кийин билдим. "Керемет банктан" 3 миллион доллардын тегерегинде кредит алып төкпөй кетип камалыптыр. "Керемет банк" өзүңөр билесиңер мамлекеттик банк. Кредиттин баарын толук төктүрдүк. Аврора плюстагы Максим Бакиевдики делген 4 коттеджди, 33 квартиранын баарын мамлекетке өткөрүп алдык. 2010-жылдан бери аттарын атабай эле коеюн үлкөн чиновниктер рейдерлик кылып ээлеп олтурушуптур. Азыр толугу менен мамлекеттин менчиги болуп калды. Ошентип иликтөөлөрдүн негизинде “СК Девелопмент” деген компаниясы Кош-Көл айылына гольф клуб салам деп 92 гектар жерди конкурстан утуп алыптыр. Ал жерди киши жиберип текшертсем тагдыры Жогорку Нарын ГЭС каскадынын тагдырын кайталаганы калыптыр. "Бисмилла" деп иш баштаганда эле курулуштун баасын 10 эсеге чейин жогору көрсөтүп кура башташкан экен. Дагы жакшы курулуш жаңы башталган экен. Эч нерсе салына элек. Жер түздөө иштери гана жүрүп жаткан. Дароо токтотуп калдык. Эгер тим койсок бир эки имаратты бир миллион долларга салып туруп, курулушту токтотуп коюп 10 миллион долларга салдым, ким катышам десе же сатып алам десе 10 миллион бергиле деп олтура бермек. Ошентип ал жер да Жогорку Нарын каскад ГЭСиндей болуп биздин мамлекеттин мойнуна илинмек. Биз азыр ошол Нарын ГЭС боюнча 40 миллион доллардан ашык сумма Россияга карызбыз. Эл аралык соттон утулганбыз. Анан ушул сыяктуу 92 гектар Кош-Көлдүн жерин дагы уттуруп жиберип олтуруп калабызбы деп Рустамды жиберип, көзөмөлдөтүп койдум. Курулуш аягына чыкканга чейин көзөмөлдөп, курулуштун баасын текшерип турат. Жибергеним жакшы эле болгон экен. “СК Девелопмент" курулушту аягына чыгара алмак эмес экен. Акчалары жок. РКӨФнан кредит алабыз деп арыз беришкен экен. Алар баш тартып, беришиптир. Анткени тарыхы начар да. "Керемет банктан" насыя алып төкпөй кеткени бар. Азыр Рустам инвесторлорду тартып жатат.

Президенттин баласы деп ишенген үчүн келип атышса керек. Бир инвестор келип, иш баштагандары боюнча кабарым бар. Ушул жерден дагы бир жолу кайталап коеюн. Колуңардан келсе ар бир кыргыз жараны чукуламайды токтотуп, өлкөгө инвестор тарткыла. Айрым кыргыздын байларына окшоп чет өлкөлөргө миллиондогон долларларга завод фабрика курбастан Кыргызстанга кургула. Кимде инвестор бар болсо же өзү инвестиция салам десе барып ушул курулушка катышкыла. Айрыкча, колунда каражаты бар өзүбүздүн атуулдарыбызга кайрылып кетет элем. Жер тилкеси кенен. Каражаттарыңарды чыгарып, бул долбоорго ишенимдүү катыша аласыздар. Эшиги ачык. Ким катышам десе кабыл алат. Эгер кандайдыр бир тоскоолдук жаралса дароо мага түз кайрылсаңыздар болот демекчимин.

Мамлекет инвесторлордун салымы менен гана өнүгөт. Мында ички инвесторлор дагы биз үчүн маанилүү.

Биз 30 жылдан бери чукулашып олтурганда кошуна өлкөлөр космоско учуп атышат. Биз велосипед чыгара албай олтурабыз. Менин максатым кантип кыска убакта кошуналарды кууп жетебиз деген план менен иштеп жатам. Эң негизгиси Жапаров-Ташиевдер мамлекетке бир тыйын зыян келтирбейт. Муну көзөмөлдөгөнгө ал-күчүм жетет. Тескерисинче сырттан мамлекетке ташып келишээрине ишенем. Мурдакылардын катасын кайталабайбыз.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий