• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ноокенде мыйзамсыз базар уюштуруп, соодагерлерден акча жыйнаган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Ноокенде мыйзамсыз кийим-кече базарын уюштуруп, контейнерлердин ээлеринен акча каражатын чогултуп жүргөн тургун кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен районунун Масы айылында Эски-Масы-Сай каналынын жээгинен соода-базар комплекси (кийим-кече базары) үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сел суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн балансына киргизилген жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык көрүнүштөр аныкталды.

Такталгандай, О.А.М. аттуу Ноокен районунун тургуну ӨКМ кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, Суу коргоо зонасында жер тилкесин ижарага берүү келишими тууралуу айтып, өзүм билемдик менен соода контейнерлерин орнотуп, ижарачылардан айына 3 миңден 7 миң сомго чейин акча каражатын чогулткандыгы аныкталды. Мындан улам 2010-жылдан баштап О.А.М. мамлекетке тиешелүү болгон жер тилкелерин ижарага берүү үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз чогултулган.

Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы менен келтирилген зыяндын суммасы 7 миллион сомдон ашык экени аныкталып, О.А.М. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Аталган мыйзам бузууларга жол берген ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча Сел суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн кызмат адамдарынын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.

Пикир

Оставить комментарий