• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нуран Ниязалиев Лондондогу Нооруз майрамына арналган видео конференцияга катышты

Коом 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Кечээ, 23-мартта КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Улуу Британиянын парламентиндеги “Евразиянын Достор тобу” жана Лондон шаарындагы Борбор Азиянын беш мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан уюштурулган Нооруз майрамына арналган видео конференцияга катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Улуу Британиянын парламентиндеги “Евразиянын достору тобунун” башчысы, Консервативдик партиянын мүчөсү Лорд Лилли, “Евразиянын достор тобунун” тең негиздөөчүсү Бота Хопкинсон, Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия боюнча министри Уэнди Мортон, ошондой эле Улуу Британиянын парламентинин мүчөлөрү катышты.

Өз сөзүндө КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Ниязалиев иш-чаранын катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттуктады, кыргыз тараптын жылуу каалоолорун айтты. Бул жылы Кыргыз Республикасы көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилеп, демократиялык өнүгүү жолун улантууда, экономикан бекемделип жана жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Улуу Британиянын COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү жана COVAX программасы аркылуу дүйнө жүзү боюнча эмдөөлөргө бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу боюнча аракеттерин өзгөчө белгилеп, ал ошондой эле Улуу Британиянын климаттын өзгөрүшү боюнча аракеттерин жана 2021-жылы ноябрда Глазго шаарында (Шотландия) өткөрүүгө пландалып жаткан климаттын өзгөрүшү боюнча COP-26 конференциясын кубаттады.

Видеоконференциянын жүрүшүндө Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов дагы Нооруз майрамы менен куттуктады. Ал Улуу Британиянын коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү аракеттерин жана 2021-жылы ноябрда Глазго шаарында өтө турган COP-26 конференциясын өзгөчө белгиледи. Иш-чаранын катышуучуларына кыргыз артисттердин музыкалык аткаруусу көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий