• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Окумуштуулар балдарды билимге кантип суусатарын айтышты

Дүр дүйнө 0

Окумуштуулардын айтымында, ата-энеси эрте жашынан китеп окуп берип өстүргөн балдар башкаларга караганда мектепте жакшы окуп, жашоосунда көптөгөн ийгиликтерди жаратат. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы School Effectiveness and School Improvement журналына таянып жазып чыкты.

"Биздин байкообуздун жыйынтыгында, балдарга китеп окуп берүүнүн канчалык маанилүү экенин биле алдык. Балдардын тилге болгон жөндөмүн өстүрүү менен алардын математикалык эсептерди чыгаруу жөндөмүн да жакшыртса болорун байкадык", - дейт Бамберге (Германия) университетинин мугалими Симона Лерль.

Акыркы күндөрү окумуштуулар адамдагы көптөгөн жөндөмдөр ген аркылуу берилерин кызуу изилдеп жатышат. Анын ичинде музыкалык өнөр, математикалык эсептерди чыгара билүү, жазуучулук шык жана башка жөндөмдөр.

Психологдор, нейрофизиологдор жана генетика тармагында алектенген окумуштуулар ондогон-жүздөгөн тажрыйбалардын негизинде төмөндөгүдөй тыянакка келишти. Эксперименттин жыйынтыгы так бир жоопко алып келбесе дагы ата-энеси менен балдарынын ортосунда эч кандай гендик байланыш жок экени белгилүү болгон. Бирок, акыркы экспериментте математикалык эсептерди чыгаруу жөндөмү ата-энеден балага өтөрүн жокко чыгарууга болбой тургандыгын окумуштуулар билдирет. Андай болгон күндө дагы, көпчүлүк нерсе тарбия менен билим берүүгө байланыштуу.

Лерль жана анын кесиптештери Германиядагы эки жүздөй баланы 10 жыл аралыгында байкоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында балдардын ийгилиги ата-энесинин тарбиясына жана жашоо шартына байланыштуу экени байкалган.

Окумуштуулар ата-энелердин жардамы менен мектепке чейинки балдарга бир катар тест өткөрүшкөн. Окуп, жаза алган 3 жаштан 5 жашка чейинки балдардын канчалык жакшы сүйлөй алганын, жөнөкөй логикалык жана математикалык эсептерди чыгаруусун баалашкан. Мындан сырткары, окумуштуулар ата-энелерден балдарына кандай тарбия берет, китеп окуп береби, эгер окуп берсе кандай китептерди окушарын сураган.

Балдар 12-13 жашка жеткенде окумуштуулар экинчи ирет тест өткөрүшөт. Анда ата-энеси менен чогуу китеп окуган балдардын бир гана жакшы окуп, жазганы өрчүбөстөн башка сабактарды да жакшы окугандыгы билинген.

Ата-энеси китеп окуган, жөнөкөй арифметикалык эсептерди биргеликте чыгарган балдардын жөндөмү башка балдарга салыштырмалуу жогору болгон. Эң кызыгы, бул экспериментке баланын социалдык абалы, жынысы, үй-бүлөлүк өзгөчөлүгү жана башка факторлор таасир эткен эмес.

"Социалдык кызматкерлер ата-энелерге, бала баккандарга жогорку методиканы үйрөтүш керек. Балдарга билим берүү, анын ичинен бирге китеп окуу, кайра окуган китеп тууралуу суроо, аны менен бирге ар кандай математикалык эсептерди чыгаруусу керек. Мунун баары балдардын тез китеп окуусуна жана эсептөөсүнө, ийгиликтүү жашоосуна фундамент курууга өбөлгө түзөт", - деп Лерль сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий