• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош – Бишкек жолунда май ташуучу унаа оодарылып кетти

Кырсык 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Ош облусунун Ноокен райондук Бүргүндү айыл аймагындагы Ош – Бишкек жолунун 497-чакырымында кырсыктын кесепетинен май ташуучу унаа оодарылып кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге Майлуу-Суу шаарынын №83 өрткө каршы кызматынын 1 өрт өчүрүү бригадасы келген. Андан тышкары, иш-чара Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий