• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында эгемендүүлүк күнүнө карата кандай иш-чаралар өтөт?

Аймак 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Ош шаардык мэриясы 31-август - эгемендүүлүктүн 31 жылдыгына карата өткөрүлө турган иш-чаралардын тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, Ош шаарында төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт:

- 31-август күнү саат 10:00дө Токтогул жана Навои атындагы шаардык сейил бактарда спорттук иш-чаралар өткөрүлөт, анын ичинде улуттук спорттун түрлөрү (тогуз коргоол, ордо, аркан тартыш, гиря көтөрүү, шахмат, стол тенниси, армрестлинг жана башка). Калаадагы бардык сейил бактарында да майрамдарды өткөрүү пландалууда.

- саат 11:00дө Төлөйкөн айылындагы ипподромдо Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн ат чабыш өтөт.

- саат 19:00дө “Алымбек-Датка” этнографиялык комплексинде шаардын бий топторунун, эстрада жылдыздарынын, музыкалык жана чыгармачылык топтордун катышуусунда концерттик программа уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий