• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар. Бүгүн, 9-майда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү.

“Өчпөс от” мемориалдык комплексинде өткөн гүл коюу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, РФнын Ош шаарындагы башкы консулу Р.В Свистин, тиешелүү кызматтардын башчылары, Ош облустук жана шаардык милициянын башчылары катышты.

Шаар мэри Т. Сарыбашов шаардагы 6 согуштун жана 15 тылдын ардагеринен кабар алынып, тийиштүү жардамдар берилип жатканын билдирди, - деп маалымдайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

“Биз согушта курман болгон аталарыбызды ар дайым эстеп, алардын эрдиктерин даңазалоого милдеттүүбүз. Шаардагы 6 согуштун, тылдын ардагерлеринен кабар алып, мамлекет, мэрия тарабынан жардамдар берилип турат. Жеңишке биздин ардагер аталарыбыздын эмгеги чоң”, - деди шаар башчысы.

Пикир

Оставить комментарий