• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошко Москвадан кыргызстандык жарандар кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-августта «Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва – Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен 309 кыргызстандык учуп келди, арасында 50 жаш бала бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле министрликтин билдирүүсүнө караганда, күн мурун, 26-августта «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын «Москва – Ош» гыты боюнча чартердик каттамы менен 160 КР жараны кайтарылган, арасында 14 жаш бала бар.

Бул каттамдар дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий