• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто 2022-2025-жылдарга мамлекеттик социалдык буйрутманы ишке ашыруу программасы иштелүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында 2022-2025-жылдарга мамлекеттик социалдык буйрутманы ишке ашыруу программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери, Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын, үй-бүлөлүк медицина борборунун, мэриянын алдындагы “Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо” көп тармактуу борборунун өкүлдөрү, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Отурумдун жүрүшүндө программаны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун планы тууралуу сөз жүрдү. Ошондой эле программага киргизүү үчүн социалдык маанилүү көйгөйлөрдү аныктоо боюнча жер-жерлерде иштерди жүргүзүү максатында шаардын бардык МАБдарына баруу графиги талкууланды.

Ушул жылдын сентябрында бул программаны макулдашуу маселеси боюнча тиешелүү коомдук угууларды өткөрүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий