• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто алгачкы ирет окуучулар арасында шахмат боюнча өлкө биринчилиги өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.03.23. /Кабар/. Ош шаарында бүгүн, 20-мартта А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун базасында мектеп окуучулары арасында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды.

Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Шахмат федерациясынын вице-президенти – Федерациянын Ош шаары жана Ош облусу боюнча президенти Адилет Аттокуров, спортчулар, машыктыруучулар жана чемпионаттын катышуучуларынын ата-энелери катышты.

Турнирге республиканын бардык аймактарынан 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана кыздар арасынан 400 спортчу катышууда. Алар 7 жаш категориясы боюнча таймашат. Белгилей кетсек, чемпионат 20-26-март аралыгында өтөт.

Мындай турнир Ош шаарында биринчи жолу өтүп жатат. Чемпионат ФИДЕнин эл аралык эрежелерине ылайык өткөрүлөт.

Турнирдин негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- көрсөтүлгөн жаш категорияларындагы мектеп окуучуларынын арасынан Кыргыз Республикасынын эң күчтүү шахматчыларын аныктоо;

- Кыргыз Республикасынын балдар командасынын кеңейтилген курамын түзүү;

- Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу;

- спорттук чеберчиликти жогорулатуу.

Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери дипломдор, медалдар, кубок жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча балдар курама командасына кире алышат.

Турнирдин уюштуруучулары – КР Шахмат федерациясы менен Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети.

Пикир

Оставить комментарий