• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Ошто бүгүнкү ишембиликте 1400 куб таштанды чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 21.05.22./Кабар/. Бүгүн, 21-майда, Ош шаарында өткөрүлгөн жалпы ишембиликке 10 миңден ашуун адам катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери, жашоочулар көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалап, бак-дарактарды актап-сырдоо, өсүп кеткен чөптөрдү оруу, короолорго гүл көчөттөрүн отургузуу, арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Чогултулган 1400 куб таштандылар “Ош-Тазалык” жана “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканаларынын атайын техникалары менен ташылып чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий