• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто Баяман Эркинбаевдин элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча Эл аралык турнир өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 25.12.21. /Кабар/. Ош шаарында 25-26-декабрь күндөрү "Алыш" спорт комплексинде Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча Эл аралык турнир өтүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешти ачып берүү аземине вице-мэр Венера Рыскулова, грек-рим күрөшү боюнча Ош шаардык жана облустук федерациянын президенти Семетей Козуев, спортчулар жана машыктыруучулар катышты.

Турнирде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан 300дөн ашык спортчу күч сынашууда. Ошондой эле Акжол Махмудов жана башка спорт чеберлери бар.

Мелдештин жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланат.

Пикир

Оставить комментарий