• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто бир катар коомдук транспорт каттамдары убактылуу өзгөрөт. Графиги

Аймак 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Ошто бүгүндөн тарта бир катар коомдук транспорт каттамдары убактылуу өзгөрөт, деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, А. Масалиев көчөсүн капиталдык жаңыдан асфальттоо иштерине байланыштуу 2-6-июнь күндөрү А. Масалиев көчөсүнүн Ж. Шамшиев көчөсү менен Р. Абдыкадыров көчөсүнүн кесилишине чейинки бөлүгү толугу менен жабылат.

Буга байланыштуу төмөндөгү коомдук транспорттордун кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди:

- №6 шаардык муниципалдык автобустук каттамы Соколок-ОшТУ багыты боюнча жүргөндө Г.Айтиев, В.Ленин, А.Навои, А.Масалиев, Ы.Монуев, А.Шакиров көчөлөрү менен жүрөт;
- №102 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Ж.Бөкөнбаев мектеби - Ош район багыты боюнча жүргөндө Н.Исанов, А.Шакиров, Б.Нурматов, Джин, Курманжан-Датка көчөлөрү аркылуу жүрөт;
- №106 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Кайырма - Ош ТУ багыты боюнча жүргөндө Курманжа-Датка, Джин, Б.Нурматов, Н.Исанов көчөлөрү аркылуу жүрөт;
- №109 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Озгур -Два Прораба гипермаркети багыты боюнча жүргөндө А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Тилеке-Баатыр көчөлөрү менен жүрөт;
- №112 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Ак-Тилек - Озгур багыты боюча жүргөндө А.Навои, А.Масалиев, А.Шакиров, В.Ленин көчөлөрү аркылуу жүрөт;
- №134 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Туран - Нариман багыты боюнча жүргөндө Курманжан-Датка, В.Ленин, Р.Абдыкадыров, А.Масалиев көчөлөрү менен жүрөт;
- №136 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Амир-Темир кичи району – Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагы багыты боюнча жүргөндө А.Шакиров, А.Масалиев, А.Навои көчөлөрү аркылуу жүрөт;
- № 137 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Амир-Темир кичи району – Достук чек ара бекети багыты боюнча жүргөндө Т.Жумабаев, А.Шакиров, Ы.Монуев көчөлөрү менен жүрөт;
- № 149 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Кара-Суу районунун Мады айыл аймагы – Курманжан-Датка кичи району багыты боюнча жүргөндө Тилеке-Баатыр, Ы.Монуев, А.Шакиров көчөлөрү аркылуу жүрөт;
- № 157 шаардык кичи автобустук маршруттук каттамы Жапалак айыл аймагы - Курманжан-Датка кичи району багыты боюнча жүргөндө Курманжан-Датка, Джин, Б.Нурматов, А.Шакиров, Ы.Монуев, А.Масалиев көчөлөрү менен жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий