• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте батирден өрт чыгып, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Кечээ, 1-июнда Бишкекте батирлердин биринен өрт чыгып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунун А.Сүйүмбаев көчөсүндө жайгашкан батирде өрт чыккандагы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 15:21де Бишкек шаардык №3 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 15:44тө толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен балкондо турган 2 чарчы метр кышкы кийимдер күйгөн. Ал эми эки колунан (чыканактан ылдый), болжол менен 10-15% күйүк алган үй ээсин Тез жардам кызматкерлери №4 шаардык ооруканага алып кетишкен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий