• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто оор атлетика боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталды

Аймак 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарында жаштар арасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын биринчилиги старт алды.

Турнирге республиканын бардык облустарынан, Бишкек жана Ош шаарынан 13 жаштан 20 жашка чейинки жалпы 140 спортчу катышууда.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Ош шаардык кеңешинин депутаты Болот Баетов, КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов, Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров ошондой эле, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Турнир шаардык дене тарбия жана спорт комитети КР Оор атлетика федерациясы менен биргеликте уюштурулуп, эки күнгө созулат.

Пикир

Оставить комментарий