• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто жалпы ишембиликтин алкагында 1200 метр кубдан ашык таштанды чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 20.02.22. /Кабар/. Ош шаарында дем алыш күндөрү массалык ишембилик өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, калаа аймагын тазалоого 10 миңден ашык адам активдүү катышты. Анда шаар ичиндеги көчөлөрдүн тротуарлары, коомдук жайлар, мекеме-ишканалардын айланасы, көп кабаттуу үйлөрдүн тегереги жана арыктар тазаланды.

"Ош-Тазалык" ишканасынан билдиришкендей, ишембиликтин жыйынтыгында таштанды таштоочу жайга 1200 метр куб таштанды чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий