• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: кар астында калгандарды издөө иштерине 53 куткаруучу тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 20.02.22. /Кабар/. Жалал-Абадда кар астында калгандарды издөө иштерин 53 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун 332-чакырымында (Көк-Арт ашуусу, тоннелдин түндүк тарабы) жана болжол менен 338-чакырымында (Көк-Арт ашуусу, тоннелдин түштүк тарабы) кар көчкү түшкөн. Кар көчкү түшкөн аймакта 4 адам дайынсыз болууда.

"Бүгүн унаа жолдогу тоннелдин түндүк тарабына изилдөө жана издөө иш-чараларын улантуу максатында куткаруучулар тартылды, абал өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Э.Кулматовтун көзөмөлүндө. Издөө иштерине жалпы 53 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат билдиррүүдө.

Пикир

Оставить комментарий