• 88.68
  • 95
  • 0.95

Парламенттик шайлоо: Жалал-Абад облусунун башчысы жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырды

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов ар бир добуш мамлекеттин келечегин аныктарын, андыктан эркин тандоо жүргүзүп, жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облус башчысы өз добушун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарындагы №2077 шайлоо участкасынан берди.

Өз сөзүндө өкүл облустун бардык район-шаарларындагы шайлоо тилкелери тийиштүү материалдык-техникалык база жана байланыш каражаттары менен камсыздалганын айтты. Ага кошумча коронавирус пандемиясы шартында санитардык коопсуздук талаптарын камсыздоо жана анын сакталышына өзгөчө көңүл бурулушу керектигин билдирди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда он эл аралык байкоочу иш алып барууда. Мында жалпы 448 шайлоо участкасы болуп, 643 миң 774 шайлоочу катталган.

Пикир

Оставить комментарий