• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Президент Жапаров Каракол шаарында Кыргызстандын чыгаан инсандарынын эстеликтерине гүл койду

Президент 0

Бишкек, 21.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта Каракол шаарында өлкөнүн чыгаан инсандары — белгилүү окумуштуу, лингвист-түрколог Кусеин Карасаевдин, мамлекеттик ишмер жана агартуучу Касым Тыныстановдун жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун эстеликтерине гүл койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кусеин Карасаевдин музей-мемориалдык комплексине барып, анын жакын туугандары менен окумуштууну эскерип, куран окуду.

Мамлекет башчысы музейдин ичин көрүү учурунда Кусеин Карасаевдин лингвистикалык эмгектери бүгүнкү күнгө чейин илимий жана практикалык мааниге ээ экенин, анын кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн эбегейсиз эмгек кылганын өзгөчө белгиледи.

Бул музей — кыргыз элинин тарыхында жаркын из калтырган көрүнүктүү окумуштууга, профессорго көрсөтүлгөн сый-урмат.

Музей Н.М. Пржевальский-К. Карасаевдин мемориалдык музей комплекси деп аталат.

Каракол шаарында жайгашкан комплексте окумуштуу Кусеин Карасаевдин иш кабинети түзүлгөн. Анда окумуштуунун эмгектери, тиричилик буюмдары, аны менен бирге иштеген, жолугушкан белгилүү инсандардын сүрөттөрү жана документтери коюлган.

Каракол шаарындагы Ч.Айтматов атындагы борбордук аянтта К. Карасаев менен К. Тыныстановдун эстеликтери орнотулуп, тарыхый даректүү көргөзмө уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий