• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президенттикке талапкер С.Жээнбеков: Өлкө инфраструктурасы кыргыз продукциясын экспорттоого даяр

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 12.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы шайлоочулар менен жолугушууга бара жаткан жолдо, Чычкан капчыгайына токтоп, өзүнүн кайталангыс даамы жана дарылык касиети менен белгилүү болгон айтылуу Токтогул балын өндүрүүчү балчылар менен баарлашты.

С.Жээнбеков алар сунуштаган балдан ооз тийип көрүп, Кыргызстанда балды өндүрүү жана пайдалануу жыл санап жогорулап бараткандыгын белгиледи. «Кыргыз балы көптөгөн эл аралык конкурстарда биринчи орундарды татыктуу ээлеп келе жатат, анын даамы сонун, экологиялык жактан таза шарттарда алынат. Токтогул, ат-башы, ысык-көл, базар-коргон, кара-кулжа, алай, кемин балы – булардын баары эл аралык рынокто абдан бааланат. Кыргызстанда жылына 7 миң тонна бал өндүрүлөт», - деп белгиледи талапкер.

Президенттикке талапкер ошондой эле Кыргызстан менен чектешкен СУАР жылына 10 миң тонна бал, жалпы Кытай - 400 миң тонна бал пайдалана тургандыгын жана өлкөбүз экспорттук дараметин арттыруу жаатында, анын ичинде балды экспорттоо чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө бардык шарттар бар экендигин тастыктады. Анын үстүнө экологиялык жактан таза кыргыз балына болгон суроо-талап да абдан жогору болууда.

С.Жээнбеков өлкөнүн инфраструктурасы кыргыз продукциясын экспорттоого даяр экендигин бегиледи. «Бүгүнкү күндө фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилген. Экспорт үчүн инфраструктура да даяр – биз чек арадагы дээрлик бардык ветеринардык, фитосанитардык лабораторияларды жана өткөрүү бекеттерин жаңыладык. Былтыр 13 пайызга түшкөн экспорттун көлөмү ушул жылдын 7 айында эле 30 пайызга жогорулады. Айыл чарба өндүрүүчүлөрү эч кандай тоскоолдуктарсыз эле продукциясын ЕАЭБ, Европа өлкөлөрүнүн жана КЭР рыногуна чыгара алышат”, - деп сөзүн жыйынтыктады С.Жээнбеков.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 12.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий