• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Шайлоочулардын болжолдуу тизмеси 15-августта илинет - МКК

Шайлоо 2017 0

БИШКЕК, 09.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы БШКга шайлоочулардын болжолдуу тизмесин берди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, болжолдуу тизмеге 18ге толгон жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргызстандын жарандары кирди. Тизме боюнча шайлоочулардын саны 2 млн 914 миң 588 адамды түзгөн.

Белгилүү болгондой, 15-августтан тартып шайлоочулардын болжолдуу тизмеси шайлоо участкаларында илинет. Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоого чакырат. Ал үчүн шайлоочулар МККнын www.shailoo.srs.kg сайтынан же 119 номери аркылуу Call-борборго байланышса болот. Телефон чалуу акысыз.

Пикир

Оставить комментарий