• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абдыгулов: Президенттик шайлоо штаттык режимде өтүп жатат

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Жалпысынан президенттик шайлоо штаттык режимде өтүп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтуусу боюнча, арыздын эки түрү түшүп жатат: биринчиси шайлоо тилкесинин аймагында видеого тартууга тыюу салуу боюнча. Бул боюнча аймактык шайлоо комиссиясы жана борбордук шайлоо комиссиясы иш жүргүзүп жатат. Экинчиси –добуштарды сатып алуу боюнча.

“Жалпысынан шайлоо штаттык режимде өтүп жатат. Эч кандай олуттуу мыйзам бузуулар байкалган жок”,-деди биринчи вице-премьер.

Пикир

Оставить комментарий