• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Python тилинде программалоо» акысыз онлайн курсуна арыздарды кабыл алуу башталды

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Яндекс 7-февралдан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосунда «Python тилинде программалоо» онлайн-курсуна акысыз кабыл алууну баштайт. Ал информатика мугалимдеринин квалификациясын, техникалык жогорку окуу жайлардын студенттеринин жана программисттердин көндүмдөрүн жогорулатат.

«Квалификацияны жогорулатуу курстарын онлайн форматка өткөрүү билим берүүнү санариптештирүүдөгү артыкчылыктардын бири. Бул программада мугалимдер курс тандай алат жана аралыктан окуйт», – дейт билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева.

Өтүнмөлөр 31-мартка чейин кабыл алынат. Катталуу үчүн катышуучунун анкетасын толтуруу жана почтадан окутууга шилтеме бар катты күтүү керек.

«Биз былтыртан тартып Бишкектеги биздин «Программалоо мектебинде» Python тилинде программалоого жогорку класстардын окуучуларын окута баштадык жана мындан ары да экспертиза менен бөлүшүүгө даярбыз. Жаӊы курс мугалимдерге билим берүүгө кошо турган актуалдуу инструменттерди алууга мүмкүндүк берет. Студенттер жана программисттер жаӊы шыктарды өздөштүрөт жана маселелерди чечүүдө өздөрүн сынайт», – дейт Кыргызстандагы Яндекс Go компаниясынын жетекчиси Тилек Сулайманов.

Курс сабактар, маселелер жана тесттер, ошондой эле жыйынтыктоочу тест менен бирге 5 модулдан турат. Катышуучулар тилдин базалык түзүлүшүн, коллекцияларды, сүрөттөрдү документтерди жана бет ачарларды иштетүү үчүн китепканаларды жана объектиге багытталган программалоонун негизги концепцияларын үйрөнүшөт.

Окутуу 1-1,5 айга жакын созулат – аны 31-майга чейин бүтүрүү керек. Курстан жана жыйынтык тесттен ийгиликтүү өткөн катышуучулар Яндекстен сертификат алышат, аларга акысыз методикалык материалдар дагы кошумча жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий