• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик цирктин имараты биринчи жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Коом 0


Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. А.Изибаев атындагы Мамлекеттик цирктин имараты биринчи жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Имарат 1976-жылы курулган, ошондон бери бир да жолу ремонт иштери жүргүзүлгөн эмес.

Цирктин директору Рыскул Боромбаевдин айтуусуна караганда, учурда реконструкция иштери кызуу жүрүүдө.

"Имараттын сырты мрамор менен кооздолот. Алар атайын Ирандан алып келинди. Канализациялардын бардыгы жаңыланып, керектүү жумуштардын бардыгы аткарылууда", - деди ал.

Мамлекеттик цирктин жетекчиси ал жакта иштеген артисттер үчүн да жакшы шарттар түзүлөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, цирктин имаратын оңдоо тапшырмасы президент Садыр Жапаров тарабынан 2023-жылы июлда берилген.

Пикир

Оставить комментарий