• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаров бир нече күнгө өлкөнүн түштүгүнө барат

Президент 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына бир нече күнгө иш сапары менен барат. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алган учурда билдирген.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, сапардын максаты бардык чек ара көйгөйлөрү боюнча жеринде таанышуу.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Баткен облусунун Баткен районундагы Үч-Дөбө айылындагы 25-октябрдагы окуя тууралуу маалымат берди. Анын маалыматы боюнча, Тажикстандын жарандары чек аранын талаш тилкесине суу түтүктөрүн орнотуп башташкан. Кыргызстандын чек арачыларынын мындай иштерди токтотуу боюнча бир нече жолку талаптарына Тажикстандын жарандары көнгөн эмес, жыйынтыгында кыргыз тарап асманга эки ирет ок аткан.

«Келечекте мындай окуялар болбошу үчүн бул маселени чечүүнү улам артка жылдыра берүүгө болбойт. Чек арадагы райондордун тургундары тынчтык жана туруктуулукта жашашы керек», — деп баса белгиледи Президенттин м. а., Премьер-министр Садыр Жапаров, Баткен облусундагы акыркы чек ара окуясын жөнгө салуу жана Кыргызстандын бардык чек ара аймактарындагы туруктуулукту сактоо үчүн конкреттүү тапшырмаларды берип.

Белгилей кетсек, 25-октябрда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан.

Пикир

Оставить комментарий