• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Санитардык талаптарды сактабаган мекемелерге дээрлик 1 млн сом айыппул салынды - штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Санитардык талаптарды сактабаган мекемелерге дээрлик 1 млн сом айыппул салынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, 1-майдан 22-майга чейин республиканын оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун кызматкерлери коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу иштеринин алкагында, өзгөчө абал режими алынгандан кийин ишмердүүлүгүн жанданткан объекттерди текшерип чыгышты.

Республика боюнча жалпы 6 миң 891 объект текшерилген: Бишкек шаарында – 768, Ош облусунда – 2 миң 706, Баткен облусунда – 590, Жалал-Абад облусунда – 543, Талас облусунда – 180, Ысык-Көл облусунда – 1 миң 385, Чүй облусунда – 428, Нарын облусунда – 245.

"Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен мекеме-уюмдарга 2 миң 710 жазма эскертүү, 707 протокол жана 9 эскертүү берилди", - деп айтылат маалыматта.

Коопсуздук чараларын бузгандыгы үчүн 680 объекттин ээлерине 977 миң сомго айыппул салынган. 15 материал баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий