• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Сапар Исаков: “Таза Коом” долбоорун алдыдагы шайлоолор менен байланыштыруу орунсуз

Коом 0

Бишкек, 15-май /Кабар/. “Таза Коом” жалпы улуттук долбоорун ишке ашыруунун алкагындагы бардык күч-аракеттер биринчи кезекте Кырыгзстандын өнүгүшүнө багытталган жана аларды алдыдагы президенттик шайлоолорго байланыштыруу орунсуз. Бул тууралуу президенттин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков мурдагы президент Роза Отунбаеванын билдирүүсүн түшүндүрүүдө билдирди.

2040-жылга чейинки Кыргызстандын узак мөөнөттүү өнүгүшүнүн курамдык бөлүгү болгон “Таза Коом” долбоору кыргызстандыктар үчүн мыкты шарттарды түзүү максатын көздөйт. Долбоор мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртып, жарандардын ыңгайлуулугунун жана коопсуздугунун деңгээлин жогорулатат, ишкерликке ыңгайлуу шарттарды түзүп, мамлекеттик башкаруу тутумунда ачыктыкты жогорулатат жана коррупциянын алдын алууда салмактуу куралга айланат. “Таза Коом” долбоору өлкөбүздү алдыга жылдырат, бул Кыргызстандын келечегинин долбоору! Жана бул идеяга каршы чыгуу менен Роза Исаковна өлкөнүн өнүгүүсүнө, анын келечегине каршы чыгууда. Анын билдирүүсүн окуп, мен Роза Исаковна э аралык донорлорду “Таза Коом” долбоорун колдобоого чакырып жатат деген бүтүмгө келдим. Өлкөнүн мурдагы президентинин мындай позициясы мени кыйла таң калтырды”, -деп белгиледи Президенттин аппарат жетекчиси.

С.Исаков бул долбоорду алдыдагы шайлоолор менен, айрыкча ага байланыштырууну туура эмес эсептей тургандыгын белгиледи. Себеби анын өлкө президенттигине талапкерлигин коюу ниети жок.

“Роза Отунбаева ошондой эле, өз сөзүндө акаевдик жана бакиевдик команда азыркы президенттин бийлигине ийгиликтүү аралашып кеткенин эскерткен. Чынын айтсам, Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда жогорку кызматты ээлеп, тышкы иштер министри болуп турган Роза Исаковнадан мындай сөздү угуу таң калаарлык. Эгерде анын айрым кол алдындагыларына учурдагы президенттин Аппаратында же өкмөттө орун табылбай калса эле, “аларды ыпластыктан тазалоо” зарылдыгы тууралуу айтууга болбойт. Алмазбек Атамбаевдин командасында биринчи сапка кесипкөйлүк жана адептүүлүк сапаттары коюлат. Мамлекет үчүн биз өлкөнүн бардык кадрдык потенциалын колдонуп, биринчи кезекте кесипкөй кадрларды, алардын мекенчилдигин, мамлекеттик деңгээлдеги ой жүгүртүүлөрүн, өлкөнү жакшы жагына өзгөртүү тилектерин баалашыбыз керек”, - деп белгиледи С.Исаков.

Кеңири маалымат: kg.akipress.org/news:1382851?f=cp

Пикир

Оставить комментарий