• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузак районунда нанды негизсиз кымбаттаткан 3 наабайканага айып пул салынды

Аймак 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Сузак районунда наабайканаларга айып пул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматтын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Сузак районунда социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.

Мониторинг учурунда Сузак районунун аймагында жайгашкан 3 наабайканада 278-280 граммдык тандыр нанды 30 сомдон сатып, белгиленген баадан 2,00-2,20 сомго жогору сатып жаткандыктары аныкталды.

Белгиленген максималдуу баадан жогору сатып жаткан наабайканаларга КР Укук бузуулар кодексинин 290-беренесинин 1-пунктуна ылайык ар бирине 3000 сомдон айып пул салынды.

Нандын, көмүрдүн бааларынан сырткары, мониторинг учурунда Сузак районундагы соода түйүндөрүндө ун, өсүмдүк майы, эт жана башка социалдык маанилүү товарларды сатуучуларга бааны негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий