• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузакта заманбап төрөт үйү курулат

Аймак 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүндө 75 орунга ылайыкташылган заманбап төрөт үйү курулат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-мартта аталган төрөт үйүнө капсула салуу аземи өтүп, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы - УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

ӨКМден белгилешкендей, төрөт үйүн курууга жеке ишкерлер тарабынан 270 млн сом акча каражаты бөлүнүп, жергиликтүү бийлик тарабынан 3 гектар жер аянты каралган. Курулуш иштери ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механикалаштырылган базасы тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалып, анын жүрүшү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий