• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сыймык Тентиев менен Нурбек Айдаров универсалдуу күрөш боюнча Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар универсалдуу күрөш боюнча Азия чемпионатында эки алтын, бир күмүш жана үч коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Универсалдуу күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чемпионат 11-17 август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өттү.

Сыйлыкка татыган спортчулардын тизмеси:

  • 1-орун - Сыймык Тентиев (65 кг) ;
  • 1-орун - Нурбек Айдаров (80 кг) ;
  • 2-орун - Кубанычбек Рысбаев (+90);
  • 3-орун - Аскер Үсөнбаев (70 кг);
  • 3-орун - Мирбек Айдаров (75 кг) ;
  • 3-орун - Азат Иманкулов (100 кг).

Белгилей кетсек, универсалдуу күрөш боюнча Азия чемпионаты Кыргызстанда биринчи жолу өттү.

Федерациядан белгилешкендей, улуттук курама октябрь айында Грузияда өтө турган дүйнө чемпионатына даярдыктарды баштады.

Пикир

Оставить комментарий