• 88.68
  • 95
  • 0.95

2024-жылы айыл чарба тармагында чоң өзгөрүш болот — Төрөбаев

Өкмөт 0

Бишкек, 23.12.23./Кабар/. 2024-жылы айыл чарба тармагында чоң өзгөрүш болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин жыйынында билдирди.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба продукциясын сактоо, экспорттоо боюнча жакында Москва районунда ири ишкана ачылганын, ушундай эле өндүрүш өлкөнүн 5 жерине Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Ата, Балыкчыга ачылаарын билдирди.

“Наркы 10 миң доллардык жүн иштетүүчү цехтер ачылат. Жүндөн жер семирткич алуу боюнча завод ачуу каралууда. Терини кайрадан иштетүү башталат. Ысык-Атада 50 миң тонна картошканы кайра иштетүүчү заводду планга койулду. Балыкчыда канаттуулар фабрикасынын РКФРдин каржылоосу менен кошумча линиясы менен, тооктун этине болгон муктаждык жабылат.

Араванда 10 гектар жерге Текстиль заводу курулат, пахта өндүрүү, кайра иштетүү жолго койулуп, Ош. Жалал-Абадта өсүмдүк майы колго алынат”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары, ирригация тармагын жакшыртуу максатында кийинки жылы БСР, БДР, суу сактагычтар салынат. Белгилей кетсек, бул маселе Курултайда дагы көтөрүлүп суроолордун көбүн сугат суу түзгөн.

“Азыркы БСР, БДР, суу сактагычтардын көлөмүн көбөйтүү боюнча тышкы инвестиция жана бюджет аркылуу 4 БДР курулат. 367 млн сомго техника сатып алабыз. Чүй облусуна БДР, БСР курууга өзүнчө 350 млн сом берилет. Ички чарбалык каналдар мамлекттин эсебине өткөрүлөт жана аларды оңдоого акча каражаты каралат. Жылына кошумча 2 млрд дан кем эмес акча бөлүнөт”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Пикир

Оставить комментарий