• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрөбаев электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында Экономика тармактарын жана калкты 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп, анын күн тартибинде үч маселе каралды.

Отурумга министрликтердин, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын өкүлдөрү офлайн-онлайн форматында катышты.

Жыйындын күн тартибиндеги биринчи маселеде 2023-жылдын 1-октябрына Токтогул суу сактагычына 14,34 млрд метр куб сууну топтоо пландалса, суунун аз агып келгендигине байланыштуу ушул жылдын октябрь айына суунун көлөмү 12,4 млрд метр кубду түзөөрү күтүлүүдө, муну менен бул көрсөткүч 2 млрд метр куб сууга аз болоору божомолдонууда.

Бул үчүн республикалык штабдын төрагасы Бакыт Төрөбаев электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

“Айыл башчылардан тартып, айыл аймактар, район акимдери, облус жетекчилери, мэрлер жана тиешелүү бардык мамлекеттик мекемелердин жетекчилери “Кыргызстан улуттук тармактар” ААК менен биргеликте электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алгыла. Азыр жай мезгили, күн узун жарыкты үнөмдүү пайдаланалы. Борбордук көчөлөрдөгү жарыктар күн чыкканга чейин күйүп турбасын, бул мэрлерге тиешелүү. Токтогул суу сактагычындагы сууну азыртан сарамжалдуу пайдаланалы”, – деди ал.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарларындагы жылуулук электр борборлорун (ЖЭБ) көмүр, мазут менен камсыздоо жана энергетикалык жабдууларды оңдоо иштеринде болсо, план боюнча иштер аткарылууда.

Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилине Бишкек ЖЭБине 1,2 млн тонна көмүр керектелет, анын 550 миң тоннасы импорттолот. Ал эми, калк үчүн 1,3 млн тонна көмүр камдалышы керек.

Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБдерине керектелүүчү мазуттун көлөмү 28 миң тоннаны түзсө, ал эми жалпы ЖЭБдерге жаратылыш газын керектөө көлөмү 74,1 млн метр кубду түзөт.

Жыйындын жүрүшүндө бюджеттик мекемелерди, калкты отун менен камсыздоо жана аларды кышка даярдоо менен катар эле, көмүргө болгон баа саясаты каралды. Планга ылайык, республика боюнча 549 отун база ачылышы керек.

Бул багытта минкаб төрагасынын орун басары калк жетиштүү көлөмдө жана алгылыктуу баада өз убагында көмүр менен камсыздалышын керектигин билдирди.

“Облустун жетекчилери жана акимдер көмүргө болгон ички бааны көзөмөлгө алууну сиздерден талап кылам. Өлкөдө көмүр казган жеке менчик компаниялар көп, сыртка экспорттоодо кара отундун баасын жосунсуз жогорулатпасын жана ортого түшүү деген болбосун. Эгерде жеке көмүр казуучу компаниялар көмүрдү сыртка чыгарууда, ички керектөөчүлөргө бааларды жогорулатса Министрлер Кабинети экспортту жабат. Биринчиден көмүр казуучу компаниялар бюджеттик мекемелердин жана калктын көмүргө болгон керектөөсүн жабыш керек”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Минкаб төрагасынын орун басары ошондой эле өткөн жылы Майлуу-Суу жана Орловкада болгон окуялар сыяктуу маселелер быйыл катталбашы үчүн, алдыдагы күз-кыш мезгилине байланыштуу бардык иштерди ыкчам чечүүнү республикалык штабдын мүчөлөрүнө тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий