• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Төрөбаев Кыргызстанда жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук администрация башчылары-акимдер катышты.

Министрдин орун басары М.Алияскаров жазгы-талаа иштеринин жүрүшү жөнүндө отчет берип, Ысык-Көл облусунда картошка жана Талас облусунда төө буурчактын айдоо аянттарын азайтуу, ошондой эле кант кызылчасын себүүнү көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

Суу кызматынын директору А.Сокеев 2023-жылдагы сугат иштеринин жыйынтыгы жана 2024-жылга пландары, анын ичинде сууну эсепке алуу системасын оңдоо жана орнотуу тууралуу айтып берди.

Ветеринардык кызматтын директору У. Кожобергенов эпизоотиялык кырдаал тууралуу маселени көтөрүп, 2023-жылы өлүктөрдү сатуу жана мал союучу жайлардагы аныкталган мыйзам бузуулар менен күрөшүү зарылдыгын белгиледи.

Райондук администрация башчыларына сугат тармактарын 2024-жылдын вегетация мезгилине даярдоо жана ички чарбалык каналдарды тазалоо тапшырмасы берилди.

Ошондой эле ирригациялык курулмаларды оңдоого жана тазалоого активдүү катышуу, элдик демилгени колдоо, дыйкандар иш жүзүндө сугарып жаткан жерлерди инвентаризациялоо сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий