• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамытов Т.Сыдыкбековдун 110 жана С.Жумадыловдун 90 жылдыгына арналган салтанатка катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ысык-Көл облусунун Каркыра жайлоосунда кыргыздын XX кылымдагы чыгаан жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына жана Кыргыз улуттук театры менен киносунун жаркын таланты, Кыргыз Эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына арналган мамлекеттик деңгээлдеги салтанаттуу иш-чаранын ачылышына катышты.

Маараке эки күнгө созулуп, Манас айтылып, төкмө акындардын айтыш өнөрү тартууланат. Ошондой эле улуттук оюндар ойнолуп, чоң программадагы салтанат менен коштолот. Мааракеге казак акындары, айтыш өнөр ээлери да чакырылган.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн төрага Талант Мамытов өткөндөр даңкталбаса, тирүүлөр баркталбай турганын эске салып, эки залкардын чыгармачылыгы келечек урпактардын жүрөгүндө жашай берерин айтты.

«Бүгүн Кыргыз мамлекетинин тарыхый, илимий, маданият-искусствосунун руханий мурас фондусуна өзгөчө салымдарын кошкон залкар инсандардын жасаган эмгектерин, кайталангыс чыгармаларын жана алардын баскан жолун, келечек муун биле жүрсө деген тилек менен, алардын эмгектерин даңазалоо – биздин парз экендигин баса белгилегим келет. Алар биздин арабызда жок болсо да, аттары түбөлүккө жазылган Кыргыз адабиятына жана маданиятына ак дилинен кызмат кылган, кыргыз элинин чыгаан жазуучусу, Кыргыз улуттук жазма адабиятынын жана маданиятынын пайдубалын түптөөчүлөрүнүн сап башында турган - Түгөлбай Сыдыкбеков жана улуттук театр өнөрүнүн залкар актеру - Советбек Жумадылов жөнүндө айтылган эскерүү сөздөрү, кулагыңыздарга күмүш сырга болсун!» – деди Талант Мамытов.

Төрага Түгөлбай Сыдыкбеков менен Советбек Жумадыловдун өмүр жолдоруна, чыгармачылыктарына жана сиңирген ак эмгектерине кеңири токтолду.

«Улуу Ата Мекендик согушту чагылдырган жана ошол кездеги колхоз турмушун баяндаган "Биздин замандын кишилери" аттуу романы үчүн Сталиндин өз колунан Сталиндик сыйлык алган. Биздин тарыхыбызда бир эле лауреат, ушул Сталиндик сыйлык менен сыйланган Түгөлбай Сыдыкбеков болгон. Түгөлбай жана Советбек аталарыбыздын өрнөктүү, улуу эмгектери кылым санап, бул жарык дүйнөдө түбөлүккө жаныра берсин! Залкар инсандардын жолун улаган чыгармачыл инсандарга ийгилик каалайм!» - деп баса белгиледи төрага Талант Мамытов.

Муну менен катар иш-чаранын демилгечиси, уюштуруучусу жана демөөрчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаевге терең ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, салтанаттын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттин расмий өкүлдөрү, министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, маданият жана искусство ишмерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий