• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Талас облустук милициясынын жетекчилиги ардагер Чороевди Жеңиш майрамы менен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов Ички иштер органынын ардагери, милициянын отставкадагы капитаны Кудайберген Чороевду Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Кудайберген Чороев өмүр бою милицияда кызмат кылып ак эмгегин өтөп келген. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун оруктагы катышуучусу, учурда 95 жашта.

Талас ОИИБнин ардагерлер кеңешинин төрагасы Кулчоро Жамангараев, Талас РИИБнин начальниги Марат Шайбековдор ардактуу карыяны куттуктап, ал-акыбалын сурашып, атайын дайындалган белектерди тапшырышты.

“Бүткүл дүйнө кыйрап турган мезгилде согушуп, мээнетиңер жанып, эрдик менен бизге жеңиш алып келдиңер. Бүгүнкү ачык асманыбыз үчүн сиздерге таазим, дагы көп өмүр сүрүп, милицияга жана азыркы коомго акылман насаатчы болуп жүрүүңүзгө тилектешмин ”, - деди Мелис Асанов өз сөзүндө.

Пикир

Оставить комментарий