• 88.68
  • 95
  • 0.95

Telegram-каналдары аркылуу баңгизат сатуу менен күрөш кандай жүрүп жатат? ИИМдин жообу

Коом 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги Уланбек Султанов Telegram-каналындагы аркылуу сатылып жаткан баңги каражаттары менен күрөшүү боюнча кандай иш жүрүп жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтуусуна караганда, КР мыйзамдарына ылайык, ар бир аныкталган факт боюнча кылмыш иш козголуп, ыкчам-изилдөө иштери өткөрүлөт жана атайын тергөө кызматтык иш-чаралар жүргүзүлөт.

"Бөгөт коюу боюнча иш-чаралар, соттордун чечими аркылуу жана өз күчүбүз менен иш алып келебиз, мисалы “Telegram” кызматынын администрация аркылуу бөгөт коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Мындан тышкары эл аралык тергөө өтүнүчтөрү дайыма жөнөтүлүп турганга байланыштуу, чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен болгон карым катнаштык иштер тыгыз жүргүзүлөт", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий