• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

The Hollywood Reporter: "Дарак ыры" салтты жана заманбапты айкалыштырган музыкалык драма

Маданият 0

Бишкек, 18.02.19 /Кабар/. Кино дүйнөсүндөгү популярдуу америкалык The Hollywood Reporter журналы Кыргызстанда алгачкы жолу тартылган "Дарак ыры" киномюзикли тууралуу макала чыгарды.

Макаланын автору Шери Линден "Дарак ыры" – улуттук салтты жана заманбапты айкалыштырган музыкалык драма деп жазды.

Кино сынчынын пикиринде, бул фильм эски замандын ханы, анын кызы жана карапайым баланын сүйүүсү, XVIII кылымдагы көчмөн элдин окуясын чыгылдырган жакшы кинотасма.

Эске салсак, "Дарак ыры" тасмасын Кыргызстандын "Централ Азия Фильм" жана Орусиянын "Синетрейн" компаниялары чогуу тартышты. Сценарийдин автору жана режиссеру - Айбек Дайырбеков.

Кинодастандын саундтрегин Эмгек сиңирген артист, учурда Москвада жашап жаткан ырчы Жылдыз Осмоналиева жана бишкектик аткаруучу, учурда Орусиядагы "Город 312" тобунун солисти Светлана Назаренко аткарышты.

Пикир

Оставить комментарий