• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Тилектештик автобусу”: Өлкөнүн төрт облусунда 4,3 миң жаранга акысыз укуктук жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 28.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 14-июнунан 8-октябрга чейин “Тилектештик автобусу” акциясы болуп, анын жыйынтыгы боюнча Ош, Чүй, Нарын жана Баткен облустарынын 4 миң 363 жараны акысыз укуктук жардам алышкан. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, калкка укуктук-консультациялык жардам көрсөтүү үчүн адвокаттардан жана мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн адистеринен турган эки мобилдик топ түзүлгөн.

"Бир күндө мобилдик топ эки калктуу конушту камтыды. Акциянын мезгилинде Чүй облусу боюнча 51, Нарын облусу боюнча 23, Баткен облусу боюнча 40 жана Ош облусу боюнча 35 калктуу конуштар камтылган. Бардыгы болуп 149 калктуу конуш камтылды", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий