• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Тоң районунда "Боз үй дүйнөсү" этно-комплекси пайда болот – эскиздери

Аймак 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Тоң районуна курулуучу "Боз үй дүйнөсү" этно-комплексинин эскизи даяр болду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул эскиздик долбоор Тоң районунун Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

Белгиленгендей, этно-комплекс "Аалам Ордо" маданий-этнографиялык комплексинин аймагына курулат.

"Боз үй дүйнөсү" этно-комплексинин негизги максаты боз үйдүн жасалуу тартибинин көргөзмөсүн өткөрүүгө, сейилдөөгө жана меймандар үчүн сый көргөзүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий