• 88.68
  • 95
  • 0.95

Транспорт министрлиги Бишкек — Ош жолундагы тоннелден өтүү акысын алуу оюн өзгөрттү

Коом 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек – Ош унаа жолундагы тоннелден өтүүгө акы алууну киргизүү жөнүндө токтом долбоорун чакыртып алды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жарандардан жана мамлекеттик органдардан түшкөн сунуштарга байланыштуу Транспорт министрлиги Бишкек – Ош унаа жолундагы тоннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө төлөмдөр жана анын көлөмүн коомдук талкуулоо боюнча нормативдик-укуктук актылар долбоорун убактылуу чакыртып алды.

“Аталган токтом долбоору коомдук пикирди эске алуу менен кайрадан дыкат иштелип чыгат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий