• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тышкы иштер министри Айдарбеков Казакстандын элчиси менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. Бүгүн КРнын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын КРдагы элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар ушул жылы жогорку жана бийик деңгээлдерде, анын ичинде эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволору тарабынан боло турган эки тараптуу сапарларды жана жолугушууларды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле боло турган көп тараптуу эл аралык иш-чаралар жана форумдар боюнча пикир алмашылды.

"Суу жана энергетика чөйрөсүндө кызматташуу, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы кээ бир өткөрмө пункттарынын ишин жакшыртуу, ошондой эле Кыргызстандын ветеринардык тутумунун эквиваленттүүлүгүн таануу маселелерине өзүнчө көңүл бурулду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий