• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

УКМК Украинадагы куралдуу кагылышка катышкан кыргызстандыкты кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Украинадагы куралдуу кагылышка катышкан Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан Б.у.Б. аттуу КР жараны аныкталды.

Такталгандай, аталган Б.у.Б. аттуу жаран 2022-жылдын 22-февралында Россияга иштөө үчүн барып, ал РФнын түзөтүү мекемелеринин биринде жаза өтөө менен кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган. Атайын аскердик операциянын фонунда, Украинанын аймагында Россиянын куралдуу күчтөрү тарабынан ишке ашырылган, Б.у.Б. “Вагнер” жеке аскердик компания (ЖАК) өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган жана келишимдик негизде Украинанын аймагында согуштук тапшырмаларды аткарып жаткан аскер топторунун катарына кошулган.

2023-жылдын 1-августунда Б.у.Б. кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу, же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүдө” мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Пикир

Оставить комментарий