• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин ишинде кайрадан мүчүлүштүктөр жаралды

Коом 0

Бишкек, 13.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 13-майда "Унаа" мамлекеттик мекемесинин көптөгөн автотранспорт каражаттарын каттоо бөлүмдөрүндө мүчүлүштүктөр байкалууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мүчүлүштүктөр бир катар мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалымат системасында бузулуулар пайда болгонуна байланыштуу жаралууда.

“Учурда башка мамлекеттик органдар менен биргеликте бузулуулардын себептерин жоюу иштери жүрүп жатат", - деп белгилешти мекемеден.

"Унаа" мамлекеттик мекемеси унаа ээлеринен келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий