• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ыкчам чараларды көрүү кызматына бир жумада 738 арыз жана кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 12.01.18. /Кабар/. 2018-жылдын 5нен 11-январь күндөрү Бишкек шаарынын мэриясынын ыкчам чараларды көрүү кызматына шаар тургундарынан 738 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын катталганы – 199 кайрылуу. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, катталган арыз жана кайрылуулардын 76сы аткарылган.

“Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы ыкчам чараларды көрүү “185” кызматынын иши жогорулатылды. Эми сиз “185” жана "1840" номерлерине күнү-түнү чалууларды жүргүзө аласыз жана көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 -182-185 номерине жибере аласыз”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий