• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ынтымак Мурадил уулу жаа атуу боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду

Спорт 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын жаа атуу боюнча курама команданын мүчөсү Ынтымак Мурадил уулу Казакстанда өткөн “Алтын Ордо” эл аралык мелдешинде 1-орунду ээледи.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Атырау шаарындагы турнирде Мурадил уулу 70 метр аралыкта жаа атуу боюнча жарышып, жеңүүчү болду.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш 26-29-апрель күндөрү өтүп, ага 11 мамлекеттен (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Россия, Малайзия, Венгрия, АКШ, Австрия, Монголия, Бириккен Араб Эмираттары) келген 130дан ашык спортчу катышты.

Пикир

Оставить комментарий