• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстанда экономикалык өсүш жайлады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Өзбекстанда март айында инфляциянын деңгээли 10,5 пайызды түздү. Өлкөнүн Борбордук банкы билдиргендей, буга сумдун кунсузданышы, тышкы экономикалык тобокелчиликтер, азык-түлүктөрдүн 2,5%, башка товарлардын 1,1% кымбаттаганы себеп болду.

«Тышкы абалдын курчушу биздин регионго таасирин гана тийгизип тим болбостон, камсыздоо чынжырчасын үзүп, логистикалык системанын убактылуу токтошуна алып келүүдө», – деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстандык экономисттер азык-түлүк товарларынын баасы 20-30% жогорулаганын, Борбордук Банктын көрсөткүчү чындыкка коошпой турганын айтышууда.

Экономист Акмал Тошбек Борбордук банк өз анализинде азык-түлүк рыногундагы эң төмөнкү бааны көрсөтөрүн белгиледи.

"Маселен, айрым өнүмдөрдүн баасы төмөндөп, айрымдарынынкы жогорулады. Мартта базарда жаңы картошка чыкты, анализде болсо эски картошканын баасы көрсөтүлөт. Аналитиктер көптөгөн азык-түлүктөрдүн орточо баасын эсептегендиктен инфляция төмөн болгонсуп көрүнүп жатат. Чынында инфляциянын деңгээли 10,5 % жогору", - дейт ал.

7-мартта Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев ички рынокто азык-түлүк бааларынын туруктуулугун камсыздоону тапшырган.

10-апрелде Дүйнөлүк банк Украинадагы кырдаал башка өлкөлөрдүн экономикасына тийгизип жаткан таасири жөнүндө баяндамасын жарыялаган. Ага караганда, Өзбекстанда 2022-жылы экономикалык өсүш 3,6 % чейин төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий