• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөндө аз камсыз болгон 100 балага мектеп формасы жана окуу куралдары таратылды

Аймак 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Өзгөндө аз камсыз болгон 100 балага мектеп формасы жана окуу куралдары таратылды. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы Өзгөн хатибиятынын демилгеси, “Жакшылык үчүн биримдик” фондунун колдоосу менен уюштурулду.

Райондун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Акжол ажы Бакиров саамалыкка демөөрчү болгон фондго ыраазылык билдирди.

“Илим алуу – улуу сооп, ал эми ушундай улуу иштерге көмөктөшкөн кишиге да ошончо, балким андан да көп жакшылыктар берилет. Жараткан эч бир жакшылыкты жоопсуз калтырбайт. Анын катарында муктаждарга жардам берген, алардын үй-бүлөсүнө кубаныч тартуулаган кишиге Кудай Таала эсепсиз соопторду убада кылган”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий